Белгилүү ырчы Jah Khalib кыздуу болду

Jah Khalib аты менен таанымал болгон казакстандык ырчы Бахтияр Мамедов ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы "НТК" телеканалынын Revue аттуу программасында айткан.

Маалыматка ылайык, жубайы экөө май айынын башында кыздуу болушкан.

"Аллахтын ырайымы менен ата болдум. Бул менин жашоомдогу жаңы этап болот", - деген ырчы. Бирок ал кызына кандай ысым койгонун ачыктаган эмес.

Ал эми ырчынын апасы Ляззат Мамедова неберелүү болгондогу сезимдери менен бөлүшүп жатып небересине Сафия деген ат коюшканын айткан.

Эскерте кетсек, ырчы Jah Khalib үйлөнгөнү тууралуу кабар 2021-жылдын башында белгилүү болгон. Бирок ырчы 2020-жылы эле үйлөнгөнүн жана бул тууралуу жарыя кылбоого аракет кылганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан