Бүгүн, 8-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, аскердик бөлүктүн командири Кумар Ахматов маалымат жыйын беришти.
Маалымат жыйын өтүп жаткан учурда сабалган жоокердин апасы менен таякеси кирип келишти. Ошол жерден сабалган жоокердин таякеси министрдин орун басарларына кайрылды.
"Урматтуу жетекчилер! Силерге ишенип балдарды берип жатабыз. Ал тырмактай бала да. Аны жанагындай акыбалга жеткирдиңер. Ошол баланы тескерисинче таптап, өстүрүп, ошол жерге кайра бара тургандай кылбайт белеңер. Бул система чирип калган система. Муну менен Кыргызстанды жыргатпайсыңар. Сизге айтып коёюн, азыр эле сизди көрүп Ташиевди элестеттим (ред. Камчыбек Ташиев). Журналистке орой жооп берип жатасыз, Ташиев колуңду сындырып коём дегендей эле. Өзүңүздүн этикаңызды сактаңыз", - деди сабалган жоокердин таякеси.
Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Учурда жоокердин абалы орточо оор деп бааланууда.