55 жылдан соң. Улуттук статистика кызматынын имаратынын сырткы фасады жаңыланды (сүрөт)

Бишкектеги Улуттук статистика комитетинин имаратынын сырткы фасады жаңыланды. Бул туурасында маалымат мекеменин расмий сайтына жайгаштырылды.

Ага ылайык, имараттын сырткы фасадын жаңылоо иштери ишке берилген учурдан, тагыраагы 1967-жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев фасадды жаңыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен таанышты.

Чыгымдар Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу жаатындагы Фондунун (ЮНФПА) каражаттарынын эсебинен камсыз кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан