"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун баштоо иш-чарасына кайсы аткаминерлер катышты? (сүрөт)

Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусунда "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун баштоо боюнча расмий иш-чара болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Өлкө башчы "Камбар-Ата-1" ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор экенине басым жасады.

"Камбар-Ата ГЭС-1" куруу долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналары белгиленет.

Ал бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн. Чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, көп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 миллиард кВт/саатты түзгөн. сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

"Камбар-Ата ГЭС-1ди" куруунун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 600 миң долларды түзөт. Курулуш алты этаптан турат.

Мамлекет башчы буга чейин ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан