2013-жылы 10 ай ичинде салык төлөөдөн баш тартуу фактысы
боюнча 67 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы маалымат
жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын
жетекчиси Бактыбек Ашыров билдирди.
Анын айтымында, салык кызматы тарабынан 231 текшерүү
жүргүзүлүп, анын натыйжасында 438 миллиондон ашуун сом казынага
которулган.
“Мамкызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан “Баланта Кей
Джи” ЖЧК тарабынан ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөө фактысы боюнча кылмыш иши
козголгон. Ал фирма мамлекетке 11 миллион 140 миң
сомдук зыян келтирген. Ошондой эле “Эйжн Трейд Хаус” ЭЖЧК тарабынан 9 миллион сомдон ашуун салык төлөбөгөн фактысы боюнча
кылмыш иши козголгон”,- деди Ашыров.