Сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматовага Казакстандын "Достук" ордени тапшырылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине байланышканыбызда билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи эртең, 9-июнда саат 15:00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Иш-чарага маданият министри Азамат Жамангулов, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Рапил Жошыбаев катышат.
"Достук" орденин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан элчи Рапил Жошыбаев тапшырат", - дешти министрликтен.
Маалымат үчүн: Тамила Маматова жасаган Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде орнотулган.
Сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу кызынын маегин ушул шилтемени басып кирип окуңуз.