Бүгүн, 8-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 863 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 638 метр куб, агып чыгышы 388 метр кубду түзүүдө.
Былтыр ушул күнү суу сактагычта 10 миллиард 538 метр куб суу болгон.