Бишкек шаарында жол оңдоого тоскоол болгон үй бузулду. Мэриядан маалымдашкандай, Арча-Бешик конушунун Жайыл Баатыр көчөсүндөгү №35-282 жер тилкесинде туурасы 8,5 метр, узундугу 12 метр болгон турак жай бузулган.
Буга чейин инспекторлор аталган турак жайдын ээсине турак жайды өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Жол тармактарын реконструкциялоого тоскоол болгон объектилерди алуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат" дешти мэриядан.