2022–2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Дин жана билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпысынан бул чөйрөдөгү дүйнөлүк стандарттарга ылайык келет. Биринчи кезекте ал Кыргызстан катышуучу болуп саналган бир катар эл аралык укуктук конвенцияларды ишке ашырат. Аталган чөйрөдөгү негиз болуучу документтердин катарында 1948-жылдын 10-декабрында БУУ тарабынан кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясын, ошондой эле 1981-жылдын 25-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Диндин жана ынанымдардын негизинде сабырсыздыктын жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө декларацияны атоого болот.
Ошону менен бирге соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет.
Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган", - деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратканы кошумчаланган.
"Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш.
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп дин таануу билиминин жана агартуунун деңгээлин жогорулатуу саналат. Бул үчүн мамлекет мектептик билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү предметти киргизүүгө, мугалимдердин жана профилдик мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууга тийиш", - деп кошумчаланган маалыматта.
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек:
Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында дин таануу боюнча билим берүү гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы жана адамзатынын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий билим бериши керек.
Токтомго ылайык:
"Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:
Билим берүү жана илим министрлигине:
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыктын 3-пунктунан келип чыгуучу чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.