"Ордунан тура калышып". Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин футболдогу эмоциялары (фото)

Кечээ, 8-июнда Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан курама командасы Сингапур менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алды.

Беттештеги 3 гол тең экинчи бөлүктө жаралды. Алгач Сингапур курама командасы ылдам каршы чабуулдан гол жаратты. Андан кийин Валерий Кичин 78-мүнөттө эсеп санын теңесе, 81-мүнөттө Виктор Майер көпчүлүк күткөн голду жаратты.

Футболго өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы катышты.

Кыргыз курамасы гол киргизген учурда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ордуларынан тура калып кол чабышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан