Белгилүү орусиялык ММА мушкери, Шара Буллет каймана аты менен таанылган Шарабутдин Магомедов Махачкаладагы соода борборлордун биринде кызды өпкөн жаранды нокаутка учуратты.
Окуянын видеосу телеграм каналдар аркылуу 8-июнда тарады. Анда мушкер эскалатордо өбүшкөн жубайларга эскертүү жасаган. Анын кесепетинен мушташ чыгып, натыйжада мушкер кызды өпкөн жигитти нокаутка учураткан. Белгиленгендей, жабыркаган адам биринчи болуп мушкерге кол салган.
Матч ТВ телеканалына берген маегинде Магомедов алгач мушташууну каалабаганын, бирок ал биринчи болуп чаап жибергенинен жооп берүүгө аргасыз болгонун айткан. Ал бул ишке өкүнүп жатканын билдирген.
"Мен ага жөн гана эскертким келген. Махачкаланын дагы деле өзүнүн айтылбаган мыйзамдары бар. Москвада болсо мейли дейли, бизде бул кабыл алынбайт", - деген ал.