Максим Галкин Орусияга кайтуу тууралуу: "Баары бир мени киргизишпейт"

Орусиялык алпаруучу Максим Галкин Орусияга кайткан күндө дагы аны киргизбей турганын айтты. Бул тууралуу ал концерт коюп жатканда тамаша аралаш айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шоумен концертте өзүнүн келечеги жөнүндө тамашалаган. Ал Орусия жөнүндө ыр аткарарын айтып: "Баары бир мени кайра киргизишпейт", - деп тамаша-чын аралаш айткан.

"Мен буга мындай деп жооп берет элем: тыйын ыргыткан жериңе сөзсүз кайтасың. А мен болсо ал жакка бир нече миллиондорду ыргыткам", - деп тамашалаган Галкин.

Максим Галкин менен Алла Пугачёва балдары Лиза жана Гарри менен февралдын аягында Орусиядан чыгып кетишкен. Ага чейин куудул эл алдында Украинадагы согушка каршы пикирин билдирген. Израилге көчүп баргандан кийин шоумен Биринчи каналда жана башка долбоорлордо иштеген миллиондогон долларлык жарнама келишимдерин жоготкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан