Ысык-Көлдө мал кароо үчүн жайлоого кетип дайынсыз болуп жаткан жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, изделип жаткан жаран Семён ашуусунда калып калган.
Маалым болгондой, Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 50 жаштагы тургуну 3-июнда жайлоого мал караганы кеткен боюнча дайыны жок болуп жаткан.
Ал Эмеген, Кайнар, Үзөңгү-Кууш кыштоосунда байланыш болбогондуктан жакындарына кабар бере алган эмес.
Мындан улам райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 куткаруучусу жана Ак-Шыйрак, Кара-Сай айыл аймактарынын башчылары издөөгө чыгышкан. Издөөнүн жыйынтыгында аталган жарандын унаасы Семён ашуусунда калың жааган карга тыгылып, чыга албай калганы белгилүү болду.
Куткаруучулар унааны ашуудан чыгарып, 50 жаштагы жаранды айылга алып келишти.