Акыркы коңгуроо: Өлкө аймактарында миңден ашуун милиция кызматкери иш алып барууда

Бүгүн, 9-июнда акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу миңден ашуун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, башкармалыктын кызматкерлери жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында жолдогу көзөмөлдү күчөтүшүп, рейддерди уюштурушат.

"Акыркы коңгуроодон кийин окуучулар унаа, кортеждер менен эс алуучу жактарга чыгып кетүүсүнө чектөөлөр коюлат. Рейд учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдиришти мекемеден.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул күндөрү ата-энелерден уул-кыздарына унааларын бербөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан