Июнь айында Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июндан тартып "Аэрофлот" авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аптасына эки жолу - бейшемби жана ишемби күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.
Ал эми 19-июндан тартып "S7 Airlines" авиакомпаниясы Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча аптасына бир жолу - жекшемби күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.