"Кыргызстандын жаш лидерлери" долбоорунун катышуучулары Акылбек Жапаров менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызстандын жаш лидерлери" долбоорунун катышуучулары жана долбоордун автору Ассоль Молдокматова менен жолукту.

Маалыматка ылайык, Жапаров катышуучулардын ар бирине чың ден соолук каалап, ошондой эле жакшы келечек куруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызматкер болуу үчүн мыкты билим алуу керектигин белгилеген.

"Жакында эле президентибиз Садыр Жапаров 50 балага келишимдик баасы 50 миң долларга чейин болгон чет мамлекеттеги ЖОЖдорго өз күчү менен тапшыргандарга финансылык жардам берген жарлыкка кол койгон. Бирок балдардын окуусун бүтүп, мекенине кайтып келүүсүнө шарт бар. Өлкөбүздө таланттуу адамдар көп экенин билебиз, бирок ар кимдин эле чет өлкөдөн окууга каржылык мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Ошондуктан биз мындай балдарды колдоого даярбыз", - деген Акылбек Жапаров.

Долбоордун автору Ассоль Молдокматова жолугушууга катышкан балдар тууралуу кыскача айтып берди.

"Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балдар бар. Бул жерде, мисалы, Вячеслав 15 кайрымдуулук уюмунун мүчөсү, Кара-Суудан Сайкал өзү сценарий жазып, кино сынактарга катышып жүрөт", - деп мисал келтирди долбоордун автору.

Молдокматованын айтымында, долбоорго балдар 6 ай ичинде тандалып алынган.

Жыйындын жүрүшүндө жаш лидерлер Акылбек Жапаровго суроолорун беришти. Окуучу кыздардын бири окуу мезгили тууралуу сурады. "Буга чейин биз 1-сентябрдан 25-майга чейин окучубуз, мурунку системага кайтууга болобу, анткени окуу кыйын болуп жатат", - деди ал.

Буга министрлер кабинетинин башчысы эгер билим берүү министри сунуш киргизсе, аны колдой турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан