Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абад шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатына билим берүү, ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Иш-чарада окуу жылын жыйынтыктоо менен алдыңкы окуучу, алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталар жана окуучулар үчүн шарт түзгөн ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Быйыл Жалал-Абад шаарында жалпысынан 865 окуучу 11-классты, 1915 окуучу 9-классты аяктап жатат. 865 бүтүрүүчүнүн ичинен 4 окуучу "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болду.