Өлкөнүн бардык аймактарынан 15-17 жаштагы активисттердин башын бириктирген коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын "Кыргызстандын жаш лидерлери" долбоору 5-июнь күнү башталган.
Аталган долбоордун алкагында кечээ, 8-июнь күнү Талас облусуна бардык. Жаш лидерлер Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугуп, “Манас Ордо” комплексине, Чыңгыз Айтматовдун музейине, Шекер айылына барышты. Андан сырткары "Жер-Үй" алтын кенине барып, "Алтын Альянс" компаниясынын
иши менен таанышып келишти.
Жаш лидерлер Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков менен жолугушуу учурунда кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Окуучулар андан ары "Манас Ордо" комплексине экскурсияга барышып, Манастын күмбөзүн зыярат кылышты.
Манас атанын күмбөзүнүн тарыхын айтып берип жаткан учур.
Манас эпосунун музейи менен да таанышып чыгышты.
Жаш лидерлер Талас облусунда жайгашкан "Жер-Үй" алтын кенине да барышып, алтын чыгаруу процесси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Окуучулар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун киндик кан тамган жери Шекер айылына да барышты. Анда Айтматовдун музейин көрүшүп, "Чыңгыз ордо" долбоору менен таанышты. Аталган долбоор жазуучунун 100 жылдыгына карата салынып бүтөөрүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышты.
Долбоордун катышуучуларынын бири 14 жаштагы Сайкал Акматова "Кыргызстандын жаш лидерлери" долбооруна катышып жаткандыгы ага чоң шыктануу берип жаткандыгын айтат.
"Мен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дадан Султанов атындагы жатак мектебинен келдим. Мен телевизордон, телефондон көрүп жүргөн адамдарды, Ассоль Молдокматованы көрдүм. Мага абдан жакты, ушул долбоорго келип калганыма абдан кубанычтамын. Менин келишиме себепчи болгон мугалимдериме, туугандарыма, апама чоң рахмат. Долбоордун автору Ассоль Молдокматовага дагы ыраазычылык билдирем.
Бул убакка чейин көрбөгөн жерлерге бардык. Мисалы: Бишкек шаарын, билим берүүчү мекемелерди,Талас облусун, Манастын күмбөзүн, Манас атабыздын тарыхый музейин көрдүк. Мындан сырткары улуу, дүйнө жүзүнө калеми менен таанылган жазуучубуз, сыймыгыбыз Чыңгыз Айтматовдун туулган айылына, анын атындагы музейге дагы барып, "Чыңгыз Ордо" деген долбоорго күбө болуп келдик", - деди окуучу кыз.