Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.
ТИМден билдиришкендей, ЖККУнун кезектеги жыйыны эртең, 10-июнда Ераванда өтөт.
Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, ЖККУнун ишмердүүлүгү, ошондой эле уюмдун кризиске каршы аракеттенүү механизмин андан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Кеңешменин жыйынтыгында уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.