Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги №1-СИЗОнун башчысы Марс Жусупбеков кармалды. Муну укук коргоо тармагындагы өздүк булактарыбыз билдирди. Маалыматка таянсак, М.Жусупбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу беренелери боюнча айыпталууда.