УКМК тергөө абагында жаткан Марат Казакпаевдин ден соолугу тууралуу комментарий берди

УКМК тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилгени боюнча комментарий берди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып УКМК тергөө камак жайында Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү "Мамлекеттик чыккынчылык кылуу" боюнча камакта отурат. 2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

"М.С. Казакпаев Тергөө камак жайына жайгаштырылгандан тартып УКМК аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган. 19-апрелде көзүнүн көрүүсүнүн начарлашы боюнча арызынан улам врач окулисттин кароосунан өтүп, жыйынтыгында Оң көздүн жарым-жартылай гемофтальмиясы, эки көзүнүн жогорку миопиясы деген диагноз коюлган.

27-апрелден 19-майына чейин М.С.Казакпаев Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясына жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия диагнозу менен жаткырылган. 16-майында жеке клиникалардын биринде сол көздүн торчосунун лазердик тосмосу жасалган. №1 көз микрохирургиясында стационардык дарылоо учурунда М.С. Казакпаев Улуттук госпиталынын кардиологу тарабынан текшерилип, жыйынтыгында III даражадагы Гипертония оорусу, мээ тамырларынын атеросклерозу деген диагноз коюлган. Ошондой эле Кардиология борборунда кароодон өтүү сунушталган.

25-майда М.С. Казакпаев кардиологиялык борбордун шартында комплекстүү текшерүүдөн, врачтардын кеңешинен өтүп, андан кийин дары-дармектер белгиленген.

Бүгүнкү күнгө чейин М.С. Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. Бүгүн, 9-июнда эртең менен М.С. Казакпаевдин ден соолугунун абалы кескин начарлаганына байланыштуу "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага жаткырылды", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан