Садыр Жапаров белгилүү скрипкачы Даниэль Лозаковичти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович жана анын апасы Алена Лозаковичти (Шаршекеева) кабыл алды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу скрипкачынын кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган концертинин алдында өттү.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө дүйнөдө эң көп талап кылынган жаш виртуоз скрипкачынын тамыры кыргыз экенине бардык кыргызстандыктар кубанычта экенин белгиледи. Анын музыкага жана маданиятка берилгендигин жогору баалап, президент Даниэль Лозаковичтин чыгармачылыгы Кыргызстандын музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө да кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Даниэль Лозакович Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, ошондой эле жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.

Даниэль Лозакович симфониялык оркестрдин дирижёрунун жана музыканттарынын чеберчилиги жана жогорку деңгээли жөнүндөгү өзүнүн таасирлерин баса белгиледи. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Даниэль Лозаковичке эстеликке белектерди берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан