Республика боюнча бир нече миң кошумча жумуш орундарын түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кадамжай районундагы "Социалдык контракт" долбоорунун орто аралык жыйынтыктары менен таанышуу учурунда билдирди.
"Нарын облусунун Жумгал районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 100 муктаж үй-бүлө 100 миң сомдон алышты. Бул акчага тандалган үй-бүлөлөр өз бизнесин башташты. Жыйынтыгы көрсөткөндөй, алар үй-бүлөлөрү үчүн гана эмес, андан тышкары бир нече адамга кошумча жардам беришти. Социалдык кызматтардан, жергиликтүү бийликтерден турган комиссиялар бул гранттардын натыйжалуу пайдаланылышын, майрамдарда же башка иш-чараларда ысырап болбошун камсыз кылышты. Бүгүн биз жакырчылык менен күрөшүүнүн активдүү чаралары жакшы натыйжа берип жаткандыгын көрүп жатабыз", - деген министр.
Ошондой эле Базарбаев жыл аягына чейин бул долбоорду бүткүл республикага кеңейтүүнү жана сынактын алкагында 500 үй-бүлө тандалып алынган бардык райондорду камтууну пландаштырып жатканын айтты.
"Алардын ар бири 100 миң сомдон алышат. Бул долбоор биздин өлкөнүн жарандарын өз бизнесин баштоого түрткү бериши керек, ал бардык жарандарды бизнес менен алектенүүгө түрткү берген мультипликативдик натыйжа бериши керек", - деп кошумчалады Базарбаев.