Индиянын тышкы иштер жана маданият министри Минакши Лекхи иш сапары менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылында өтүп жаткан иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар каралган.
Жолугушууларда соода-сатык жана инвестициялык тармактарга, ошондой эле эл аралык уюмдар менен аймактык бирикмелер алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө басым жасоо менен эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланат.
Минакши Лекхи айым Индия Республикасынын «Bharatiya Janata Party» (Бхаратия Джаната Парти) башкаруучу партиясынын жана ошол эле учурда Индия Республикасынын парламентинин (Лок Сабха) төмөнкү палатасынын мүчөсү болуп саналат.