Айкелчи Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы "Достук" ордени тапшырылды

Сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматовага Казакстандын "Достук" ордени тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 9-июнда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Иш-чарага маданият министри Азамат Жамангулов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Рапил Жошыбаев катышты.

"Айкелчи Тамила Маматовага Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достук” ордени тапшырылды. Мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыкты элчи Рапил Жошыбаев тапшырды", - дешти министрликтен.

Айта кетсек, учурда Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейи реконструкцияланууда. Ушул жылдын июль айында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Тамила Маматова жасаган бюсттун салтанаттуу ачылышы пландалууда.

Маалымат үчүн: Тамила Маматова жасаган Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде орнотулган.

Сүрөтчүлүк, айкелчилик өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери менен эл оозуна алынган кыргыздын сыймыктуу кызынын маегин ушул шилтемени басып кирип окуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан