Орусиянын Челябинск шаарынын эң престиждүү кичи районунун скверлеринин бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, бул иш-чара мекендешибиз, Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Зыйна Бакирова жана анын санаалаштарынын аракетинин натыйжасы.
"2018-жылы Зыйна өзүнүн демилгеси менен Челябинск шаарында Кыргызстандан келген коноктордун жана маданият ишмерлеринин катышуусунда Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурган. Челябинскте жазуучунун ысымын түбөлүккө калтыруу идеясы да ага таандык", - деди Молдокматова.