Касымалиева Кыргызстандын жашыл климатка жетишүү боюнча аракеттерин колдоого чакырды

Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата Нью-Йорк шаарында уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева катышты. Ал уюмдун өлкөлөрүн Кыргызстандын жашыл климатка жетишүү боюнча аракеттерин колдоого чакырды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Касымалиеванын айтымында, климаттын өзгөрүшү, экосистеманын бузулушу жана айлана-чөйрөнүн булганышы тоолуу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да катуу таасирин тийгизүүдө.

"БУУдагы туруктуу өкүл өлкөнүн бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелеринин комплекси тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, БУУнун башкы ассамблеясы тарабынан 2022-жылды туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо, "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди" жарыялоо боюнча резолюцияны демилгелөө тууралуу маалымдады.

Ошондой эле кыргыз тараптын Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү жана тоо токойлорун сактоо боюнча БУУнун атайын программасын иштеп чыгуу идеясын илгерилетүүсүн белгиледи", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан