Тажикстандын тышкы иштер министри алмашты

29-ноябрда өлкө президенти Эмомали Рахмондун буйругу менен Тажикстандын тышкы иштер министри алмашты. Буга чейин иштеп келген министр Хамрохон Зарифи кызматтан бошотулуп, Сирожиддин Аслов тышкы иштер министри болуп дайындалды. Муну аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. С.Аслов буга чейин Тажикстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп  иштеп келген. Э.Рахмондун башка буйругу менен Сафарали Нажмиддинов өлкөнүн каржы министри кызматынан бошотулуп, ордуна Абдусалом Курбонов дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан