Комага түшүп калган Марат Казакпаевге коркутуу болгон. Акыйкатчы Камчыбек Ташиевге кайрылды

Саясат таануучу Марат Казакпаевге убактылуу кармоочу жайда коркутуулар болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин жубайынын 2022-жылдын 6-июнда түшкөн арызынын негизинде медициналык жардам учурунда канчалык жеткиликтүү болгондугун, бөгөт чарасы өз маалында кайсы себептерден өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.
Алдын ала маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда (ТИЗО) камакта болгон Марат Казакпаев 2022-жылдын 27-апрелинен 19-майына чейин улуттук госпиталда дарыланып жатканын, кардиологияга жаткыруу үчүн негиз болбогондон кайра ТИЗОго алып келингендиги маалым болгон.
Бирок 9-июнда белгилүү болгондой, саясат талдоочу комага түшүп калган оор акыбалда ооруканага жаткырылган. Ушул эле күнү Акыйкатчынын кызматкерлери Марат Казакпаев жаткан №1 шаардык оорукананын неврология бөлүмүнө барып абалы менен таанышып, дарыгери жана туугандары менен сүйлөшүп, маалымат алышты. Дарыгер Т.Кыдыровдун айтуусунда, Марат Казакпаев "Тез жардам" бригадасы менен 9-июнда эртең мененки саат 8:44тө кома абалында келип түшкөн.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын наамына 2021-жылдын 4-майында саясат талдоочунун жубайы А.Казакпаева арыз менен кайрылган. Ал кездеги акыйкатчы (омбудсмен) Т. Мамытов 2021-жылы 7-майда УКМКнын ТИЗОсуна барып Марат Казакпаевге жеке жолуккан. Кармоо шарттары менен таанышкан. Жолугуу учурунда Казакпаев УКМКнын ТИЗОсуна, кармоо шарттарына дооматтары жок экендигин айткан. Ошондой эле жактоочусунун арызын карабоону, тергөө менен кызматташууга бара турганын белгилеп, анын тынчын албоосун суранган.
2021-жылы 31-майда Акыйкатчынын кызматкерлери жубайынын экинчи жолу кайрылуусу боюнча УКМКнын ТИЗОсуна барышкан. Жыйынтыгы боюнча расмий пресс-релиз берилип, анда сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Марат Казакпаев ден соолугунун абалына, атап айтканда кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине, ошондой эле камакка алынган учурдан бери ага карата эч кандай тергөө иш-аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүнө жана ага коюлган айыптарга нааразы болгон.
Мындан тышкары ал дагы эле өзүнүн кылмыш ишин жүргүзүп жаткан тергөөчүнүн фамилиясын же атын билбей тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда ал УКМК кызматкерлеринин психологиялык кысым көрсөтүп, жактоочу И.Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн жактоочулук кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган жактоочу менен иштешүүнү талап кылып жатканын айтты. Болбосо Марат Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп жатышат деген.
"Казакпаев мамлекеттик кызматкер эмес экендигин жана жашыруун документтер менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин да белгилеген.
Казакпаев камакка алууну жана кыйноону өзүнө карата туруктуу жана күчтүү психологиялык кысым түрүндө болуп жатканын, ал буга чейин айткан саясий айрым маселелер боюнча өзүнүн позициясы менен байланыштырган.
2021-жылдын 31-майында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча чара көрүүнү талап кылуу менен Акыйкатчы аппараты кат жөнөткөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Андан сырткары Акыйкатчы кызматкерлери 2021-жылдын 14-декабрында УКМКнын ТИЗОсунда болуп кармалгандар менен жолуккан, анын ичинде Марат Казакпаев да бар болчу, ал дооматтарын айткан эмес.
Эске салсак, 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан