Скутер айдаган турист Римдеги тарыхый эстеликке миңдеген доллар зыян келтирди

Америкалык турист электро скутер менен Рим шаарындагы тарыхый испан тепкичтерин бузуп алган. Көрктүү жерлерди калыбына келтирүү 26 миң долларга бааланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШдан келген 28 жаштагы турист жигити менен испан тепкичтеринен ижарага алынган электро скутерлери менен өтүүгө аракет кылышкан. Кыз өтө албай калып, скутерди ыргытып жиберген. Жыйынтыгында 1953-жылы тартылган "Римдеги каникул" тасмасында көрсөтүлгөн легендарлуу тепкичтин капталына зыян келтирген.

Сырттагы байкоо камераларынын аркасында турист жана анын шериги кармалган. Аларга 430 доллар айып салынып, атактуу эстеликке барууга биротоло тыюу салынган.

Полиция туристтердин тепкичке келтирген зыяны 26 миң долларга бааланганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан