Бүгүн, 10-июнда Ак Үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырууну талап кылгандар акция өткөрүштү.
Акцияга чыккандар колдоруна "Атазов, мандатыңды тапшыр", "Атазов, менин районумду уят кылба" деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү кечээ, 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.