АКШнын Пенсильвания штатындагы Mars M&M кондитердик фабрикасында шоколад эритүүчү цистернага эки адам түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүчүлөр шоколад куюлган цистернага түшүп кеткендерди сактап калуу үчүн цистернанын капталын тешишкен. Алардын бири "Тез жардам", экинчиси тик учак менен ооруканага жеткирилген.
Учурда алар ооруканада. Жабыркагандар шоколад куюлган идишке кантип түшүп кеткени азырынча белгисиз.