Кыргыз аскерлери алгачкы жолу катышкан Түркиядагы машыгуу кандай өттү? (фото)

2022-жылдын 8-9-июнь күндөрү коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Эфес-2022" эл аралык аскердик машыгуусунун активдүү фазасына катышуу максатында Түркияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эки тараптуу аскердик кызматташтык учурунда Кыргызстандын Аскер контингенти Түркиянын аймагында 37 мамлекеттин атайын бөлүмдөрү тартылган масштабдуу эл аралык аскердик машыгууларга биринчи жолу катышып, Түркиянын Коргоо ведомствосу менен байланышты бекемдөөгө дагы бир кадам жакындады десек болот.
Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти 45 күндүн ичинде компьютердик моделдөөнүн жардамы менен окуу маселелерин иштеп чыкты жана көп улуттуу аскердик топтун курамында иш-аракеттерди жүргүздү.
"Иш сапардын жүрүшүндө коргоо министри Түркиянын коргонуу-өнөр жай комплексинин заманбап продукцияларынын көргөзмөсүнө катышкан соң мындан аркы аскердик кызматташтыктын келечектүү долбоорлорун талкуулоо максатында Түркиянын клуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен жолугушуулар өткөрүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан