Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөдөгү эң алдынкы университеттердин катарына кирди. Бул тууралуу дүйнө жүзүндөгү жогорку окуу жайларга анализ жүргүзгөн британиялык QS (Quacquarelli Symonds) компаниясынын расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка таяна турган болсок, Кыргыз-Түрк "Манас" университети дүйнөдөгү эң алдынкы 1422 окуу жайдын ичинен 801-катарга жайгашты. Муну менен аталган окуу жай дүйнөлүк рейтингге кирген Кыргызстандагы алгачкы университет болуп калды.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк "Манас" университети 2019-жылдан бери Чыгыш Европадагы жана Борбордук Азиядагы эң мыкты 200 университеттин катарын толуктап келет.
Бул жылы QS (Quacquarelli Symonds) компаниясы дүйнө жүзү боюнча 2462 окуу жайды анализ кылган. Анын жыйынтыгында, 1422 университет дүйнөдөгү эң мыкты окуу жай аталды. Анын ичинде Азия чөлкөмүнөн 439 окуу жай, Африкадан 32, Европадан 483, Латын Америкадан 190, Түндүк Америкадан 232, Океаниядан 46 университет каралган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети 1995-жылы Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын өкмөтү менен түзүлгөн өз ара келишимдин негизинде түптөлгөн. Аталган университет Борбордук Азиядагы бекер окуткан жана студенттерге стипендия бөлүп берген жалгыз окуу жай болуп саналат. Быйыл жаңы ачылган медициналык факультетке абитуриенттерди кабыл алуу пландалууда.