Алмазбек Атамбаевдин үйүндө балдар үчүн комплекс ачылды (сүрөт)

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө балдардын ден соолугун чыңдоо жана билим берүү комплекси ачылды. Маалыматты "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

Айтымында, комплекс эртең мамлекеттин келечеги боло турган кыргызстандыктар үчүн эшигин ачты.

"Комплексте ошондой эле дарыгердин кабинети, тиш доктур кабинети, шахмат ийрими ачылды, көркөм сүрөт классы, сууда сүзүү, музыка, кыргыз, орус, англис тилдери, жеңил атлетика да окутулат. Мындан ары лагерде 40 бала туруктуу негизде, ал эми узартылган күндүзгү тайпада 60 бала билим алат.
Учурда өлкөбүздүн кары ардагерлеринин эс алуусу үчүн геронтологиялык борборду ачууга даярдык көрүлүүдө. Мындай жакшылык иш үчүн үйдүн 90 пайызын комплекске берген Атамбаевдин үй-бүлөсүнө чоң рахмат. Бул Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн жалгыз үйү экенин, башка экс-президенттер сыяктуу Минскте, Лондондо, Москвада гана эмес, Бишкекте да үйлөрү жок экенин баса белгилей кетүү керек.
Эми алар да сотко, прокуратурага апелляциялык арыз менен кайрылышты, соттор чынчыл болот деп ишенем", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан