Ноокатта үч эм төрөлдү. Үй-бүлөгө жер берилет

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө Арык-Тейит айылынын тургуну 36 жаштагы Сабырова Ракыя Мурзалиевна үч эм ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясы кабарлады.
"Аким жана айыл өкмөт башчысы ымыркайлардын жана эненин абалынан кабар алышып, ымыркайларга белектерди жана акчалай жардамдарды беришти. Аким Иманалиев Данир Белекович үч эм ымыркайларга бекем ден соолук, берекелүү өмүр каалап, мамлекетибизге өздөрүнүн чоң салымын кошкон мыкты инсандардан болуп жетилишине тилектеш экендигин билдирип, жер трансформация болоору менен турак-жай курууга жер ажыратып, курулуш материалдарынан жардам берүүнү айыл өкмөткө тапшырды", - деп билдиришти райондук администрациядан.
Учурда ымыркайлардын жана эненин абалы жакшы. Аларды атайын бөлүнгөн медайым карап жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан