Бишкек шаарында отказандар тазаланып, оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул туурасында "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Ленин районуна караштуу айрым көчөлөрдө эскилиги жеткен суу түтүктөрү алмаштырылып, жаңы түтүктөр орнотулууда.
Белгилей кетсек, ишкананын балансында 66 откана бар. Андан сырткары "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр ишкананын кызматын алышат.
Коммуналдык ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичи районун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин конушун тейлейт.