Башкы прокуратура УКМКнын тергөө камак жайынан ооруканага түшүп, каза болгон саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Башкы прокуратура тарабынан саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү аракеттери башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында жооптуу адамдарга юридикалык баа берилет", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.
Маалымат үчүн: 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.