Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 23 жаштагы кыргыз жигити жүк ташуучу унаа менен пенсионерди сүзүп алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-июнунда Санкт-Петербург шаарындагы Жуковский көчөсүндө 1999-жылы туулган М.у.А. аттуу Кыргыз жараны жүк ташуучу унааны артка айдап жаткан учурда пенсионерди кокустуктан сүзүп кеткен. Кийин ал ооруканада каза болгон.
Азыркы убакта Кыргыз жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү "Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген" менен кылмыш иши козголду. Ошондой эле тергөө учурунда аны камакта кармоо баш коргоо чарасы тандалды.
Тергөөнү Орусиянын ИИМнин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тергөө башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.