Президент Садыр Жапаров бүгүн Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын биринчи орун басары Амина Мохаммедди кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысынын биринчи орун басары кызматына экинчи ирет дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.
Садыр Жапаров БУУнун Борбор Азиядагы Контртеррористтик башкармалыгынын регионалдык жаңы координаторунун дайындалышына, БУУнун Борбор Азия үчүн глобалдык Контртеррористтик стратегиясынын алкагында биргелешкен иш аракеттер планы боюнча долбоор жана милдеттерди координациялоо мандаты күчтөнгөнүнө көңүл бурду.
Ошондой эле мамлекет башчысы өткөн жылы 16-декабрда Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы быйылкы жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялаган резолюцияны кабыл алганына токтолду.
"Бул жылды тийиштүү деңгээлде өткөрүү максатында быйыл Кыргыз Республикасы 2023-2027-жылдарды "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы“ деп жарыялоо жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын резолюциясынын долбоорун сунуштап, аны илгерилетүүгө киришти. Биздин мамлекет тоолуу өлкө болгондуктан, бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашуусуна өзгөчө маани берет", — деди Садыр Жапаров.
Президент сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумасынын алкагында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Амина Мохаммед жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериштин саламын жолдоду.
БУУ Башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги ишине канаатанганын билдирди.
"Биз сиздин туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча программаңызды толук колдойбуз. Биз сиздин өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык аракеттериңизди колдойбуз", — деген ал.
БУУнун Башкы катчысынын орун басары Кыргызстандын канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен талашын тынч жолу менен жөнгө салуу аракетин кубаттады. Сөзүнүн соңунда Амина Мохаммед Садыр Жапаров башында турган кыргыз делегациясы ушул жылдын ноябрында өтө турган климат боюнча кийинки саммитке катышарына үмүт артты.