Бүгүн Бишкектеги Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдындагы эскилиги жеткен суу түтүгү жарылган. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, түтүк жарылган убакта Nissan үлгүсүндөгү унаа өтүп бара жаткан. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилди. Унаа (материалдык чыгымга учурады) айып короосуна коюлган.
Учурда "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын кызматкерлери аталган тилкеде сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.