Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын “Тынчтык корпусу” уюмунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр билим берүүдө чет тилдердин, анын ичинде англис тилинин ролу зор экенин белгилеп, уюмдун колдоосуна ыраазычылыгын, англис тилин жайылтуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын билдирген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда англис тилин окуткан ыктыярчылардын катарын көбөйтүү багытындагы меморандумга кол коюуну макулдашкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кийинки жумада АКШдан Кыргызстанга 12 ыктыярчы келери айтылды.
АКШнын “Тынчтык корпусу” уюму Кыргызстанда 29 жылдан бери иш алып барып келет. Алардын миссиясы ыктыярчылардын жардамы аркасында жарандарга англис тилин үйрөтүү.