Америкалык ырчы, актриса Бритни Спирс турмушка чыкты

Америкалык белгилүү ырчы, 40 жаштагы Бритни Спирс 9-июнда өзүнүн көптөн берки жигити, 28 жаштагы актёр жана фитнес боюнча машыктыруучу Сэм Асгариге турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, үйлөнүү үлпөт тою Лос-Анжелесте өткөн. Майрамга 60ка жакын конок чакырылган. Алардын арасында Мадонна, Дрю Бэрримор, Пэрис Хилтон жана анын апасы Кэти болгон. Булактардын айтымында, Спирс атактуу "Versace" брендинин көйнөгүн кийген.

Спирс менен Асгари 2016-жылы ырчынын "Slumber Party" клиби тартылып жаткан жеринен таанышкан. Спирстин айтымында, андан беш ай өткөндөн кийин ал Асгариге өзү телефон чалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан