Бишкекте бир жарым миңге чукул үй-жайсыз адамдар бар

Бишкекте 1 миң 300дөй үй-жайсыз адамдар бар. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордо туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн "Коломто" баш калкалоочу жайы иштөөдө. Ал эми кышында дагы үч убактылуу баш калкалоочу жай ачылат. Исмаилованын айтымында, "Коломтого" келген адамдардын 90 пайызы 23-60 жаштагы эмгекке жарамдуу адамдар, 86 пайызы эркектер.

"Үйсүз калгандардын 96 пайызы алкоголдук ичимдиктерге берилген адамдар. Аларга алгач медициналык, андан соң социалдык жардам керек", - деди Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан