Бүгүн, 11-июнда Бишкектин борбордук көчөлөрү саат 16:00дөн тартып 23:00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мындай чектөө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына байланыштуу киргизилген.
Төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Тоголок Молдо көчөсү түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жогорудагы жабык көчөлөрдү эске алып, жолду алдын ала тандап алууну эскертет.