"Миллиондор үнөмдөлдү". Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июнь күнү 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабияты предметинен эссе, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра) сабагынан комплекстүү тест (жазуу түрүндө) тапшырышууда.

Кийинки мамлекеттик экзамен 14-июнда 11-класстар үчүн тарых сабагынан оозеки түрүндө өтсө, 9-класстар эне тили сабагынан дилбаяндын элементтери менен баяндама жазышат.

Белгилей кетсек, сынактын тапшырмалары алгачкы жолу www.ncokoit.kg сайты аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, мектеп администрациясы сынактын алдында тестти атайын берилген логин жана сыр сөз менен кирип көчүрүп алды.

Буга чейин экзамендик материалдар кагазга көчүрүлүп, ар бир билим берүү мекемесине жеткирилип, ага бюджеттен 4 миллион сомдой каражат короп келсе, санариптештирүүнүн натыйжасында быйылкы чыгым 700 миң сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан