Буга чейин "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Асель Акылбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылган. Эдил Байсалов каза болгон окуучунун апасына байланышып, аны туура эмес түшүнүп калгандыгын билдиргенин SUPER.KG порталына айтты.
"Биринчиден, балаңызды жоготуп, сыздап турганыңызды билем. Эч бир биздин сөзүбүз ал сүйүктүү уулуңузду кайтарып, сиздин кайгыңызды жеңилдете албайт. Көңүл айтам. Кайрат кылыңыз. Бирок мага бул семинарда берилген суроого жообумду толугу менен туура эмес, контексттен сырткары берип атышат. Ошондуктан эң ыплас, таш боор, акмакчылык катары сизге угулуп жатканын түшүнөм.
Бирок бул толугу менен башка контекстте - биз жеке окуялар менен жалпы кырдаалдын айырмасын укук коргоочулар жана акыйкатчынын иш-аракетинде кандай чагылдырылышы керектигин талкуулап жатканбыз. Ошонун тегерегинде талкуу болуп жаткан. Аквапарк боюнча сөзүмдү бурмалап беришти, контексттен үзүп алып.
Сиз сыздап жатасыз, уулуңуздан айрылып, кайгыга баттыңыз. Коомдук пикир да күнөөлүүлөр тез арада жоопкерчиликке тартылсын деп талап кылууда. Бирок мамлекет жана акыйкаттык шашма болбошу керек. Мыйзамдуу процесс бар. Эмоциясы жок, процедура менен тийиштүү чечимдер кабыл алынат деп ишендире алам. Дагы бир жолу, кайгыңызды терең бөлүшөм, кайрат кылыңыздар, жалпы эл сиз менен", - деген Байсалов.