Баткенде селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө

Кечээ, 10-июнь күнү Баткен облусунун 3 районунда жаан жаап, тоо кыркаларынан сел суулары келип, Лейлек районунун Коргон-Катраң-Өзгөрүш унаа жолунун 1-8-чакырымында жүргөн селден жолго кум, шагыл толгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал тартылып, иштеп жатат.
Ал эми 10-июнь күнү саат 17:20лар чамасында Баткен районунун Апкан айылында сел жүрүп, күрүч талааларына сел суулары кирген.
Саат 17:15тер чамасында жааган жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Өтүкчү айылында да кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынан 830 метр ички чарбалык жол жабыркап, 400 метр ички чарбалык арык, 1 гектарга жакын жер аянтына сел суулары келген.
Калыбына келтирүү иштерине Жол тейлөө ишканасынан эксковатор, Камаз жана жүктөгүч тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан