Ысык-Көлдө өткөн чемпионатта Жалал-Абад шаарынын жаш футболчулары 1-орунду ээледи

Бүгүн, 11-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн 13 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы футзал боюнча кубогунда 1-орунду ээлеген Жалал-Абад командасын тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында жаштар арасында өтүп жаткан жайкы чемпионат аз күндө өз жемишин берип жатканын баса белгилеп, 13 жаштагы өспүрүмдөр арасындагы кичи футбол боюнча өткөн мелдеште 1-орунду ээлеген жаш спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатка өлкө аймагынан барган 8 команда катышып, Жалал-Абад шаарынан барган жаш футболчулар кубокту жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан