Өзбекстанда эки жаңы чакан ГЭС курулат

Коңшу Өзбекстандын Ташкент облусундагы Ахангаран суу сактагычында жана Кашкадарыя облусундагы Гиссарак суу сактагычында кубаттуулугу жылына 22 миллион киловатт-сааттык эки жаңы чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, президент Шавкат Мирзийоев бардык суу сактагычтарды модернизациялоо, гидромеханикалык жабдууларды жана өлчөө каражаттарын жаңылоо, системаны санариптештирүү аркылуу коопсуздукту жакшыртууну тапшырган.

Космостук изилдөөлөр жана технологиялар боюнча агенттикке суу сактагычтардын абалын көзөмөлдөө, спутниктик сүрөттөрдү жана маалыматтарды берүү дагы тапшырылды.

Чакан ГЭСтердин курулушуна жеке секторду тартуу, жогорку билимдүү адистерди жана орто звенодогу кадрларды даярдоо боюнча милдеттер белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан